чайыттай

китептерде 8 жолу, 7 китепте
  1. Тунук, таза, абдан ачык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чайыттай көзү ачылып, / Жаш Чигитей ойгонду, / Акылы терең түгөнгүр, / Ар санааны ойлонду, / Көргөн түшүн өзүнчө, / Көөнүндө жооруп койгону: / «Алдындакы беш киши – / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дайар турган кырк жигит, / Атын алып Ажыңдын, / Жасалгалуу сарайга, / Ажыкеңди киргизип, / Аш-тамагын бергизип, / Тай семизин жыгышып, / Жакшылап конок кылышып, / Суусунга арак куйушуп, / Кош колдоп барын сунушуп, / Тынч жаткырды Ажыңды, / Уйкусун баса кандырды, / Таң бозоруп сүргөндө, / Көзү чайыттай ачылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аш бышымча күн жаады, / Ачылып кетти чайыттай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ейитимге беттешкен, / Кызыл кумда чогулуп, / Баарысын кырган Сейитим, / Кылычтын канын куйултуп, / Айдап ийген калганын, / Жер-жерине чубуртуп, / Көөнү ачылсын чайыттай, / Баары кабар угушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Муну көрүп, беркилердин көзү чайыттай ачыла түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →