чайчы
- тар. Чай кайнатып, чай берүү жагын тейлөөчү киши.
- Чайчыл, чайкор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кул деген кулдай болот, деп, / Чайчысы менен катчысын, / Кирип чыкчуу атчысын, / Кубалап ийди талаага, / Капташып эми калды окшойт, / Темир шаасы балаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мадана кеткен бул жерге, / Кычырып келе калгын, деп, / Кыйын бала жумшады, / Келе жатам саксаңдап, / Чайчым эле Мадана, / Кычырып өзүм баргалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алар антип жатканда, / Алды жүгүн артканда, / Сынчыбектин чайчысы, / Кирип келип үстүнө / Жабырады өзүнчө: / — Жарабас кебиң, бийлерим, / Жарашар жайың билбедиң, / Алыңар ушул болгон соң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Албарстыга Айчүрөк: / — Сөзгө көңүл бур, — деди, / Чайчы болуп Кыйазга, / Кызмат кылып тур, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чайчың, экен Шаймамбет, / Канча болду келгени?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →