чайпа
- Термелүү, ары-бери теңселте козгоо.
- Жайпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күндүзү турган жам-жайкыт, / Түндөсү турган чайпалып, / Кубулжуган тоо көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кулу-күңү бар экен, / Мойну жоон чайпалган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →