чайнек
- Чай демдөө үчүн колдонулуучу, туткасы жана чоргосу бар көбүнчө фарфор идиш.
- Чай, суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы жана чоргосу бар көбүнчө металл идиш, чөөгүн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оозунан түтүн буркурап, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Отко койгон чайнектей, / Үн угулуп шыркырап, / Майтору менен аралап, / Топко кире бергенде, / Жарыла берди быркырап, / Тең жарылып турган эл, / Жайнай берди дыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыл баштап башкаңар, / Кыбырабай жатпаңар, / Жаштарың чайнек, аптаба ал, / Сууну куйуп конокко, / Дасторконду колго ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачтай кескен жайган аш, / Манту менен чүчбара, / Чойгон камыр чубалган, / Самса менен катырма, / Кирде менен ак токоч, / Андай аштын түрү кеп, / Чайнекке салган балы бар, / Демдеген кызыл чайы бар, / Кара мурч, кажо, калемпир, / Тамагында дагы бар, / Кашкардын кызыл мыйазы, / Бар тамакта даамы бар, / Дасторконго…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…ы, / Ээрчитип алып жүргөнү, / Ак сарайга киргизип, / Көрпө, килем салды эми, / Дастарконун жайдырып, / Кант, мейизин койдуруп, / Самоордон чайды куйдуруп, / Ак чайнекке демдетип, / Суусунуна чунактын, / Кымыз алып келди эми, / Бакай менен Семеңге, / Конок кылып бермекке, / Кысырдан кармап сойдуруп, / Кемегесин ойдуруп, / Казы,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аңгыча болбой камынып, — / Чайнектен булоо буркурап, / Чоргосунан чыркырап, / Чайы кайнап чыкты эле, / Гүлчорону көрсөңөр, / Мына ушундай мыкты эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →