чайна

китептерде 34 жолу, 10 китепте
  1. Тамакты же кандайдыр бир нерсени ооздун ичинде майдалоо, тишке салып жаакты кыймылга келтирүү.
  2. Тиштегилеп эзип таштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Артында бара жатканда, / Ак буура буга кез болду, / Оозунда көбүк жык толду, / Ээ кылбай курган баланы, / Чайнап муну жеп койду, / Учкаштырган Сомбилек, / Көрүнбөй көзгө жок болду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Желкелетип бээ байлап, / Козуну сойуп, жал чайнап, / Ооганда жүгүң оңдотуп, / Чарбактуу тамдан күттүңбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйша… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ооздук чайнап, көз жайнап, / Кологой тартып баш чайкап, / Таноосунун түтүнү, / Куйундай болуп бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Четинен тиштеп бир-эки чайнай электе, топурак аралашкан бир таш барып тишиме кычырай түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →