чайла
- Толуп каптоо, жалпы каптоо, жапырт өсүү.
- Чарчоо, чаалыгып алсыздануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чатырың тигип жайланып, / Тойгузуп курсак чайланып, / Андан кийин, келгендер, / Ким экениң билдиргин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…дан бирден эр, / Гүлүстөндү баш кылып, / Жүз эрге атты айдатып, / Он күндүк жерге ат айдап, / Опсуз жаман катуу айдап, / Такасы жок аттардан, / Жолдо калды көп чайлап, / Койо берчүү жеринен, / Үч күн атты өргүтүп, / Балдардын кардын тойгузуп, / Баарын тегиз сийгизип, / Аттарга кайра мингизип, / Катар тизип желелеп, / Суулукк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чырпык бүрдөп, бүр байлап, / Жер чымырап, көк чайлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →