чайка
- Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо.
- Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу.
- Чайпоо жолу менен каптоо.
- «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аны менен тим болбой, / Семетейдин тушунда, / Кошуун курап кол чайкап, / Таласка хандар не барды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Асыл атам, бек атам, / Атагы өчпөй келаткан, / Дөө-периге көтөртүп, / Дүйнө бетин чайкаган, / Дөөлөр келип беттешип, / Кутулуп кете албаган, / Арбагың менен колдогун, / А дүйнө кеткен жаш атам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кымызы бар чайкаган, / Шыгай менен кемпири, / Балдарды кайдан байкаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер солкулдап дүңкүлдөп, / Там кыймылдап сүлкүлдөп, / Жер чайкалат экен, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →