чай

китептерде 275 жолу, 10 китепте
  1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген жалбырагы, иштетилип чыккан өндүрүмү.
  2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун).
  3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чай ичкен бала Чигитей, / Кымыз ичип ала элек, / Суусуну мунун кана элек, / Күр эле кирди ал үйгө, / Күллү баары тебелеп, / Бул эмине шумдук? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кылычтуу менен найзачан, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Чаар ичеги чубалып, / Чыкпай жаны кыйналып, / Чакыйып жаткан жанды көр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Минген аты Куучаптар, / Малунада каруу бар, / Жылан менен чайандай, / Адамга салар заары бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Укмуштуу катын Айчүрөк, / Чай кайнатып берсин деп, / Периден тандап сулуудан, / Кырк кыз алып келгенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →