чагын
- Анча көп эмес, ылайык келерлик, жетишерлик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эсирип сенин багыңа, / Өзүңдүн аман чагыңда, / Бокту жептир азыраак, / Мөңкөтай биздин карыйа, / Не жолуктуң, кулунум, / Курган чалдын алдына?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кечээ түп атам Манас барында, / Оогандын ханыЧынача, / Коңурбай менен колдошуп, / Калмак менен биригип, / Койгулашкан чагында, / Испан менен коросон, / Кошулуштуң башында, / Калмактан бетер жоолашып, / Кол салыштың угушта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акбалта жакын жерине, / Чыйырдыны Акбалта, / Он төрт жашар чагында, / Олжолоп алып келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз беште чагында, / Кайратым мындан кем бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кор болдуң, бала чагыңда, / Хан атаңдын жогунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →