чагымда
- Болжолу, сыягы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ерде тура тур, / Кайтканда ала мен кетем, / Күн баашасы Кумара, / Арстанга соога кылды, деп, / Кумара берген Куу инген, / Көрсөңөр малы ушу, деп, / Келе жаткан чагымда, / Кел, тайлак деп чакырам, / Келе калгын анда, — деп, / Маңдайынан бир сылап, / Бура тарта бергенде, / Кош эмесе дедиби, / Же унутуп калдыбы, / Башын силкип м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каракан аккан чагымда, / Карап турбай жанымда, / Бейкабар калдың, энеке, / Бей ажал кеттим кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суракчы Бакай болуптур, / Колдон келген чагымда, / Баарыңды сойуп койбогон, / Мага да куп болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кең Сайрамдын сайында, / Мен окууда жүргөн чагымда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жардам кылар киши жок, / Жабыр тарткан андайга, / Жазганың ушул өңдөнөт, / Жаш чагымда маңдайга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →