чагылыш1
- Нурдун, жарыктын экинчи бир нерсеге чагылып, жаркырап көрүнүшү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кулак кескендей жымжырттыктын ичинде кечки күнгө чагылышып, көзгө бүлбүлдөгөн закымды карап туруп, ар кыл ойго кетем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жанагы жарык ошол кыздан чагылышып турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →