чагылган

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Жаан-чачын мезгилинде абада жыйналган электр заряддарынын бири-бирине кошулуусунун натыйжасында күркүрөгөн үн чыгарып, жарк-журк эткен көрүнүш, кубулуш.
  2. өт. Өткүр, курч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көлгө кирсем кайыкмын, / Деңизге кирсем балыкмын, / Булутту минем ат кылып, / Жүрөгүн алам ар кимдин, / Кур чагылган чактырып, / Музду калап от жагам, / Агып сууну сүт кылам, / Заңкайган тоону түз кылам, / Кумсарган кумду көл кылам, / Аккан сууну чөл кылам, / Кыйалыма келгенд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн чагылган немедей, / Нурданып бети жалтылдап, / Арак ичип мас болбой, / Токтоно албай калтылдап, / Таштаган шердин жаа огун, / Колуна алды ыгын таап, / Өтүп кетти ааламдан, / Как жүрөккө бир муштап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айтып Бакай токтолду, / Көпчүлүктүн баарысы, / Өрт алгандай дүркүрөп, / Чагылган күндөй күркүрөп, / Жер козголуп дүңгүрөп, / Ызы-чуу түшүп күүлдөп: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ды, / Аркасында көрүнгөн, / Жалгыз эмес топ келет, / Жалбырттан күйгөн от келет, / Жайнаган кызыл чок келет, / Аңгычакты бурулду, / Алты сай мөндүр асмандан, / Чагылган чагып куйулду, / Күрүлдөп шамал угулду, / Кантип айтып боломун, / Ачып көздү жумгуча, / Алда канча кубулду, / Мен-менсиген эр Тете, / Көзүн бардап бир нече, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күңгүрөнүп сүйлөсө, / Чагылган күндөй үндөндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →