чагарак

китептерде 11 жолу, 3 китепте
  1. Боо өткөрүү же кулпу салуу үчүн металлдан жасалган тегерек алкак, төңөлүк.
  2. Ийилген, имериңки абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Семетейдин чоң балта, / Түшүп кетти колунан, / Толгой эшкен бүлдүргө, / Чоң кисенин чагарак, / Тагылуу экен байкасак, / Жерге түшө ай балта, / Ат капталда салаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кароолу дажаал, огу ажал, / Түтүнү туман, түбү испан, / Бургулап ичин түзөтөм, / Аткан огу жөн учпай, / Ажалдуу жанды издетем, / Тушагасы бир темир, / Тийген жери бир сеңир, / Чагарак ооз Алмабаш, / Ыңай-тура ылгабас, / Асынып жүрсө Аккелте, / Ай далынын белеги, / Атып жүрсө Аккелте, / Аманат жандын эрмеги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чагарак ооз Алмамбаш, / Ыңай-туура ылгабас, / Кароолу дажаал, огу ажал, / Түтүнү туман, түбү испан, / Тушагасы бир темир, / Тийген жери бир сеңир, / Узун эмес, чак келте, / Көз уйалат Аккелте, / Атып көрсө Аккелте, / Аманат жандын эрмеги, / Асынып жүрсө Аккелте, / Айдалынын белеги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өзүң көргөн чоң дүрбү, / Чагарагын имерип, / Ченеп көзгө жиберип, / Оңдоп кармап имерип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Чоң Жолой аты Ачбуудан, / Манастын аты Аккула, / Чагарак суулук өтүшпөй, / Жанаша келген утурга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →