чабыш1
- Союл, камчы ж.б. менен салгылашкан уруш, кармаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаралуу болгон Чигитей, / Сөөгүнүн баары жок, / Мурункудай сен менен, / Сойул алып карсылдап, / Чабыша турган чагы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, / Бирге барды кыргыздар, / Койгун десем болбоду, / Унутуп калган урушту, / Ат чабыш деп ойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылычын сууруп алышып, / Кыр баатыр бирдей жарышып, / Кырка турган жоо колун, / Кырын бузбай чабышып, / Каарына келишип, / Калган экен айыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин барар аргам жок, / Бүткөн бойдо дарман жок, / Чама келип чарк жетип, / Жакташып кирип доңузга, / Чабышар чама калган жок, / Эсебин тапчу арамдын, / Шер Сейитек мында жок, / Кара дөөдөн кеп угуп, / Хан Семетей караса, / Айтканы чын, жалган жок, / Карсылдашып салыша…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Антип-минтип турушуп, / Мылтык атып, чабышып, / Удаа он күн урушуп, / Өрүшүнө Коңдурбай, / Өрүүн берип Коңдурбай, / Далай салды кыргынды, / Беттешкенин соо кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →