чабытта
- Жем, азык издеп жөнөө, чабытка чыгуу.
- өт. Көз жүгүртүү, байкоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаныңды айап айарлап, / Чабыттап жүрсөң мааналап, / Касиеттүү Бактыбай, / Мунуңарды таба алат, / Алдында бизди жиберди, / Алыңды билмек чамалап, / Билек күчүң майданда, / Беттешкенде сыналат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жашыл кумда чабыттап, / Жакындаган учурда, / Жумурткадай жумалак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
...Жайдын ысыгында токойдо чабыттап жүргөн аюу жанын коерго, жер таппады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →