чабы
- диал. Айып.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүтүлүү тоодой көгөрүп, / Жолун үйдөй чойун баш, / Чабына кысып өңөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сарык келет калдаңдап, / Этек-жеңи далбаңдап, / Жерге түшсө өлөт, деп, / Көргүлүгүн көрөт, деп, / Арстан Гүлүс алаңдап, / Алдыңдагы Сур койон / Чабына батпай жалаңдап, / Алымсарык балбанды, / Түшүрбөй кармап алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойноп турган Телкүрөң, / Чабына батпай суурулуп, / Бура тартып тап берди, / Сейитке жооп кылалбай, / Каарына чыдап туралбай, / Кара бет качты далбактап, / Асман-жердин арасы, / Жалын болду от каптап, / Чойтолоң менен Тазкара, / Качып кеткен желмогуз, / Салып кетти чоң калба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айбандан күлүк Суркойон, / Чабына батпай суурулуп, / Айтканча сөздү эр Гүлүс, / алдынан чыкты жулунуп: / — Ой, Каргалдай, кантесиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Түгөнгүрдү карасаң, / Түшүнө кирсе коркот жан, / Кармагандан кан чыккан, / Карагандан жан чыккан, / Баатырдык эмей неткени, / Бала кезден ал чыккан, / Барып кирген көрүнө, / Байкабай буга кас чыккан, / Бала толду сынына, / Астындагы Буурул ат, / Чабына батпай суурулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →