чабуулда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Шашкалаңдап катуу жүрүү, бет алды чапкылап катуу жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мөңкөтай элди чабам, деп, / Өзү калды чабуулда, / Карыганда көргөн бир туйак, / Бетинен сүйүп алалбай, / Колу калган кыскарып, / Жанына анын барууга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Так ошондой болорун, / Байкап билген алдынан, / Келе турган жолуна, / Жерге ордо каздырган, / Чөп-чар менен далдалап, / Үстүн эптеп жаптытырган, / Көп аралап чабуулда, / Кененим келе жатканда, / Келип турду Шермат хан, / Казган орду жанына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Семет деген бар эле, / Жылкы алышкан чабуулда, / Сексенге калса беттешип, / Сайып алчу эр эле, / Өзү казак уругу, / Семет баатыр дээр эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажыкеңдин Карткүрөң, / Кармап алып калмактар: / — Кежим салып жабуулап, / Эсен хан минер мал экен, / Байлап койуп чабуулда, / Көрккө салаар чагы экен, / Алты ай минсе арыбас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ханыбыз биздин зор Кыйаз, / Сүйгөнүңдү кылгын деп, / Бизге берген убада; / Биз да кызмат кылганбыз, / Таластагы чабуулда! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →