чабуул
- Душманды талкалоо, артка сүрүү максатында аскерлердин алга карай жигердүү качырып кириши.
- өт. Чечкиндүү аракет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муну мындай таштайлы, / Тогуз хандын кыргызга, / Чабуулунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Чабуулга келген жоолордун, / Жоголгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Минемин деп Коңурбай, / Алып калды кара атты, / Эби келсе чабуулга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жабылалы ат койуп, / Аламандап бат койуп, / Эбине келсе Сомбилек, / Эренин кармап алалы, / Ээсиз калат кыргыздар, / Эбин анан табалы, / Карматпаса Сомбилек, / Калкына чабуул койолу, / Бир кишиден жалтанып, / Кайра кетсем болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кесиби ошол, алар ээн жердин карышкырындай кутуруп, ары-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азыктүлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жакшы камчысы болс…
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →