чабуу2

китептерде 60 жолу, 9 китепте
  1. Жука чурайга жакын каптал бөлүк. Адамдын жана жаныбарлардын каптал жагы.
  2. Кийимдин учасы менен өңүрүнүн ортосуна келүүчү кийринди, өңүр менен учанын кошулган жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйын билген ким болсо, / Топусун оңдоп оштонуп, / Жаш-карысы аралаш, / Дүбүрөп жөнөп калышат, / Ат чабууга козголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каарданган хан Семей, / Кайраты артык бар Семең, / Тайталаң шорун катырды, / Бир чабуудан чыгарбай, / Кара жерге батырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ошол кезде Манаска, / Алмамбеттин айтканы: / — Ай, ай Манас, эр Манас, / Атагың тоодой шер Манас, / Өз билгендей чабуучу, / Бул жер эмес кең Талас! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып болуп бул айбан / Чокморун алды колуна, / Сейитимди чокуга, / Чабамын дейт ойунда, / Бир чабуудан чыгарбай, / Жиберем дейт жолуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Колундагы күрзүнү, / Түкүрүнүп карманып, / Келе жатат Эленкыр, / Чабууга кайра айланып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →