чабдар
- Жал-куйругу агыш келген жээрде (жылкыга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бул бадырек чуу койду, / Жедигерлеп бакырып, / Кыйаздап ураан чакырып, / Мингени чабдар тайкы жал, / Тулпар экен Куучаптар, / Кош кулагын жапырып, / Эки баатыр беттешип, / Найзаларын кагышты, / Кайта артына жанышты, / Кайраты толук тың экен, / Кач…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүн көрүп арстанын, / Аккула менен чуу койду, / Баатыр шер салып акырык, / Катуу тийди жапырып, / Манастын үнүн укканда, / Менменсиген далай дөө, / Мөндөй түшүп шылкыйды, / Акылынан жаңылып, / Чабдар Күрөң ат менен, / Айжаңжүн чыкты чамынып, / Дүр-дүр этип кара жер, / Дүркүрөгөн үн чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башканы эмес катынын, / Жеп алчу канкор капырың, / Жылбас чабдар аты бар, / Минип алган баатырың: / «Карманап деген сенби — деп, / Кардыгач кызык көрүнсө, / Кармашар болсоң келгин» — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Малдан жалгыз кыңыр куйрук, жамбашы чабдар аты бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →