чабарман

китептерде 20 жолу, 8 китепте
  1. Кабар берүүчү, кабар жеткирүүчү адам.
  2. Ат чабуучу, атка тың жүрүүчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабарчы кабар алыптыр, / Чабарманга барыптыр, / Чабарман атын чаптырып, / Көкөйгө жете барыптыр, / Көкжал эр келе жатат, деп, / Көкөй угуп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тогуз ай өтүп, күн жетип, / Төрөөр мезгил келиптир, / Басмайыл артуу дегенге, / Барып Шууту жетиптир, / Кош ат менен чабарман, / Каныкейге кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манастан калган салтыбыз, / Айласын такыр кетирип, / Андан кийин жоо алмак, / Чабарман келген кишиге, / Барып айткын ханыңа, / Абайласын алына, / Абалы келсе канчага, / Азыр болсун жанына, / Желмогуз берсин колуна, / Мен кетемин жолума, / Хандыгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып дердейип, / Сураккана үйүнө, / Басып келип деңкейип, / Теги кыйын шашылып, / Жигиттерин чакырып: / — Жети жигит чабарман, / Жетисууда элге бар, / Жезкемпир уулу жети хан, / Жетип ага кабар сал, / Үйдө эркек калбастан, / Тойго келсин бары адам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул убактарда ат жаратып минип, айбалта, найза жасатып, элден элге чабарман жибертип, кабар алып, күн мурун күтүнүп жаткан жерлер да болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →