чабандес

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Атка мыкты жүрө билген адам.
  2. Көк бөрү оюнун чебер ойной алган адам.
  3. өт. Чыйрак, бышык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара мүртөз Дабытай, / Катуу тийди жан ачып, / Болуп калган Саламат, / Көз тунарып, шай качып, / Дабытай өзү кагалес, / Ар кылганы чабандес, / Адис болгон түгөнгүр, / Саламаттын балтасын, / Чаптырбай кагып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара кытай, калмактар, / Жалпысы торго чабандес, / Тор салууда буларга, / Эч кандай элдер тең эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокморун жерден көтөрүп, / Чендеп алып болгуча, / Шыңга бойлуу чабандес, / Эти жадоо кагалес, / Бала баатыр бакырып, / Манастап ураан чакырып, / Эти ачынган жаш арстан, / Мурун чокмор чаптырып, / Булгап алган чокморун, / Болжоп Тат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Байтайлак баатыр жаш экен, / Жаш да болсо Байтайлак, / Чабандес өзү маш экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…еги колдон кеткен кез, / Буйтадан калган найзага, / Эр Сомбилек жеткен кез, / Бергиси келсе жараткан, / Жакшылыгы өтө тез, / Өзү адис шамдагай, / Адамдан башка чабандес, / Адис болгон кара көк, / Найзаны эңип алганы, / Алаканга түкүрүп, / Бекемдеп сабын кармады, / Найза колго тийгенде, / Жалтайгансып Ойроттон, / Жазганар жери … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →