чабалдык

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Алсыздык, күчсүздүк, начарлык.
  2. Оокат тиричилик, мал-мүлк ж.б. жагынан болгон жармачтык, кедейлик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…уган кара көк, / Бардашы элден бир бөлөк, / Кирпик ирмеп жалтанбай, / Учунан улай кармады, / Сабы Коңур капырда, / Учу Манас баатырда, / Тарткылашып калганы, / Чабалдыктан шай кетип, / Арстан минген Айманбоз, / Аныктап агып алганы; / Антип алып көргөндө, / Арамза Коңурбай, / Чыгарбай суудан аларга, / Эби келсе баатырды, / Батырып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жигитке караганда мен чабалдык кылдым: солдун орто ченине барганда, ал өз жагын отоп, менин алдымды таштап, кете берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →