чабалай

китептерде 20 жолу, 3 китепте
  1. аңч. Эликтин чаары түшкөн баласы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кыран баатыр Курмушу, / Кыйырынан найза урганы, / Мыктысынган Кеженей, / Аңтарылып кулады, / Кытайлардын Чабалай, / Кылча жанын айабай, / Курмушуга жеткени, / Чабалайга сайдырбай, / Кыраандык кылып Курмушу, / Кытайды сайып өттү эми, / Алдындагы Кеженей, / Ардык кылып ченебей, / Курмушуга жеткени, / Атынын оозун бурганча, / Аңт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Анын уулу Мурадил, / Солабанын Соорандык, / Акимсинген Чабалай, / Андай дөөдөн канча бар, / Айжаңжун менен Күнжаңжун, / Сандубада Бешкулак, / Каңгайлардын чоң Талап, / Ордонун ханы Ороңгу, / Сазаңшаанын Макил дөө - / Баары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Ханы менен карадан, / Улуу-кичүү баарыдан, / Өмүрүндө Күдүктү, / Бирөө жалган дебеген, / Чабалайча бүгүнкү, / Түк укпаган жемеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Алмамбет баатырым, / Экинчи сага айтаарым: / Куу түлкүнү атканда, / Алгандырсың кеп тонун, / Үстүңө Алмам, кийе сал, / Чабалайдын артынан, / Аскери келет канча сан, / Кайтарып аны жолго сал, / Андан кийин чалгын чал, / Толуп жатат бул элде, / Түгөнбөгөн арбын мал, / Калтырбай сүрүп жылкы ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эки баатыр көрүшүп, / Ичтеги ойун төгүшүп, / Сакалдары эпеңдеп, / Эрмек сөзгө күлүшүп, / Чаарасы көп Алмамбет, / Чабалайдын тыш тонун, / Эр Сыргакка кийгизип, / Эптүүлүгүн билгизип: / — Чалгынга чыгып көп көлдөн, / Элемандын Көкчөлдөн, / Мында келдик бөлүнүп, / Сакал-мурут саксайып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →