чабал
- Алсыз, күчсүз, начар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылбас деген бир ат бар, / Сөөгү начар, чабал мал, / Болбосо анда канат бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ал анткени Айманбоз, / Кең сооруда майы жок, / Кез-кездеп душман качырса, / Кенен чуркап шайы жок, / Өзү чабал-алы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атың баспай чаалыгып, / Өзүң кылыч чабалбай, / Калганда билек талыгып, / Тапан хан башын албайбы, / Сен айаган кыргызың, / Өз энчиме калбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Туудурган атам Нескара, / Туруштук кылбай душманга, / Аралатып кыргызды, / Алда кандай иши — деп, / Көз кайкыган анжуга, / Хандык наам алганбы, / Кырмуз шаанын Мурадил, / Кылымдан чыккан чабалбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чабалыбыз Беккул.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →