чаар

китептерде 114 жолу, 9 китепте
  1. Бир беткей темгил ала түс, жол-жол же чыбыр кара бирдей дээрлик аралаша келген түс.
  2. Чечек оорусунан калган так, майда быдыр ала (адамга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кечикпей үйгө жетем, — деп, / Өөдө-төмөн кеп кылса, / Чаар ичигин жамынган, / Мадыбекти кекетип, / Жазайын колго берсем, — деп, / Алжан, алчын бир элек, / Эки уруктун ичинен, / Бөлүп турсам экен, — деп, / Анан мыктысынган Чигитей, / Карап турсам экен” — деп, / Ат айабай кайра чаап, / Айылына жете барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кылычтуу менен найзачан, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Чаар ичеги чубалып, / Чыкпай жаны кыйналып, / Чакыйып жаткан жанды көр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кеңкиреген кызталак, / Кыйкатуу найза карманып, / Тоосур менен шаңданып, / Гүлчорону кутказып, / Өтө жаман арданып, / Ачуусу келген каапырдын, / Чечек чыккан немедей, / Өңү кетти чаар айып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →