чаалыкпас

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Чарчабас.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чапкыласа чаалыкпас, / Алты ай чапса арыбас, / Такасыз минсе жай-кышы, / Туйагы болот жаралган, / Ташыркабас Май тору, / Минээр аты ал болду, / Жоо жарагым, кийимим, / Калбай баары тел болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мингени күлүк чаалыкпас, / Күндө чапса талыкпас, / Сатайдан тартып так алмак, / Кетип барат далбактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Эмес дейсиң жай арстан, / Жаныңда турган жигиттин, / Жайын байкап мен билдим, / Мингени кызыл көк экен, / Кызыл түктүү пил экен, / Кырк күн чапса чалдырбай, / Чаалыкпастыктын бири экен, / Алтымыш күн жол жүрсө, / Талыкпастын бири экен, / Ээси менен аты окшош, / Келишип калган тиги экен, / Момоороп өзгө кылтыйат, / Мунуңду айтчы ким … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулжа көөдөн тайган төш, / Жети айга минсе чаалыкпас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Арка буту жез билек, / Тутам шыйрак чаалыкпас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →