чаалык
- Чарчоо, көпкө иштөөдөн, узак жүрүүдөн ж.б. талыкшуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып, / Өлүмдөн башка кеби жок, / Өзөктөн канды жайышып, / Токтолуп калган жери жок, / Чаалыккансып талышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…алашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…м ичип, / Бата-дуба кылганда, / Дасторконун жыйганда: / — Кана, баатыр Ажыбай, / Саргарып өңүң самандай, / Алмадай жүздөн нур кетип, / Жадаңкы көзгө турасың, / Чаалыгып өзүң калгандай, / Айкөл шерден кат барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атың баспай чаалыгып, / Өзүң кылыч чабалбай, / Калганда билек талыгып, / Тапан хан башын албайбы, / Сен айаган кыргызың, / Өз энчиме калбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Азамат аман айыкса, / Сен чуркайсын талыкпай, / Кызматына жарайсын, / Чапканына чаалыкпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →