хандык

китептерде 124 жолу, 9 китепте
  1. Хандын бийлик абалы, хандын бийлиги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырыңды бөлүп айт, / Хан болчуңу көрүп айт, / Жериңде ханың барыңар, / Башкарчууну табыңар, / Жериңде ханың жогуңар, / Хан болчууну табыңар, / Кайра элге барганда, / Хандыкты колго алыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Аркачандан бир качан, / Казактын калкы бузулуп, / Алашка калба баштаган, / Семетейде Керимбай, / Бүгүнкү күнү Медеркан, / Ойлонгону жамандык, / Хандыгын таштап талаага, / Кара башы балаага, / Капкайда кетип бараткан, / Башкага басып баралбай, / Бабырап кебин салалбай, / Жедигер жетип баралбай, / Жеткирип кебин … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кенеп-кендир аркандан, / Жетимиш арка, он беш тор, / Бир Төштүккө түшүптүр, / Кыймылдар мында чама жок, / Төштүк эми күтүптүр, / Төштүктү аттан түшүрүп, / Жал-куйругун олжо алып, / Хандыгын Жолой билгизди, / Бир канчага мингизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокмору түштү дүп этип, / Өзү түштү дүк этип, / Кылычты кындан суургунча, / Мойнунан башын кыйганча, / Чойтолоң келди ал жетип: / — Жолборсум Сейит, кулак сал, / Чойтолоң сөзүн угуп кал, / Хандык менен Тапан хан, / Бардык элге чоң эле, / Тапан хандын элинде, / Мындай балбан жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Хандык такка минейин, / Алтын таажы кийейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →