форма
- Тышкы көрүнүш, түр, кебете.
- Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш.
- Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж.б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим.
- тех. Калып.
- канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж.б. белгиленген үлгүсү.
- лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар.
- Көркөм чыгарманын мазмунун жаратуунун ыгы катары колдонулган көркөм каражат, ыкмалардын системасы, о.э. чыгарманын жанрдык, тектик түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.