уңгу
- Балта, кетмен, керки ж.б. куралдардын сабы ашталып бириктириле турган бөлүгү.
- Сөздүн мүчөлөргө ажырабаган негизги бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушакчы болбо, ургаачы, / Ууру болбо эркегиң, / Жон сомоос уңгусу, / Ушул айтаар бар кебим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тийген куу найза, / Талкаланып жатканы, / Карап калмак турбады, / Айбалта менен урганы, / Чаптырабы Кененим, / Балтага балта кагылды, / Чойун алптын балтасы, / Уңгусунан жарылды, / Кан ичме доңуз Чойун алп, / Кылычына камынды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Балтаңды, Чубак, ал, — деди, / Башын кесе сал — деди, / Эшик эндүү ай балта, / Чубак колго алганы, / Айры шили, кара куш, / Керилип чаап калганы, / Керилип чапкан чоң балта, / Уңгусунан орноду, / Суурар айла болбоду, / Нары тартты сырактап, / Бери тартты тырактап, / Чыкпай балта койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чапкан балта Куйалы, / Каккан балта Сарыбай, / Уңгулары жарылып, / Керекке келер кейпи жок, / Эми кайра чабылып, / Бир мегежин бир каман, / Майданда калды табышып, / Жакадан алып тартышып, / Олпокторун жыртышып, / С…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Найзасын тартып алгыча, / Толтойдун уулу чоң Кыйаз, / Токтотпой бойун күүлөдү, / Уңгусу менен балтанын, / Айкөлдүн уулу Семеңди, / Чыкыйга тартып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →