уя
- Жумурткасын сактоо, балапандарын чоңойтуу үчүн, канаттуулардын жасап алган жайы, орду.
- Туулуп-өскөн жер, турган жай.
- Күндүн бата турган жери.
- Сөздүктөрдө бир макалага топтоштурулган уңгусу бир сөздөрдүн тобу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бир күнү түшкү тамактан кийин эл эс алып жаткан кезде, мен алачыктын артында бир кумурсканын уясы-нан өтүп барып, жалаң этиме кийген бешмантымды жайып коюп, жыңалач болуп, битин карап отурат элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үйдүн ичинде жайындагы чабалекейдин бир уясы али бар экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү Зейнеп канаттарын күүлөп бүтүп, ордуна келип жаткан соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Уяда калган Зейнеп бир тууганына кантип жардам берерин билбей чыйпыйы чыгып чыркырап кала берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Ажыдаар бизди жутам деп уяга чыгып келатканда мына бул киши атып өлтүрдү, – деп жооп беришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →