ую
- Килкилдеп коюуланып калуу.
- Коюу тартып чубалжуу, уюлгуу.
- Жыйылуу, көп болуп жыйналуу бир жерге топтошуу, көп болуп чогулуу.
- Кандайдыр бир айтылган сөзгө көңүлдөшүү, ишенүү.
- Талуу, талып ооруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Береги биздин алдыбызда Башариндин көп ую жер жайнап жайылып жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Эки үйүбүз ушул шаардын уюн багабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мына мында бирөө араба сынып артына чычаңдатып бир уюн байлап алып жакындап калган жоодон качып бараткандай ашыгып түшө калып бирдемелерин оңдоп коюп, жан талашып жогору карай тартып барат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ал жерге түнөп, эртеси уюн коюн, эчкисин, төөсүн көрүп, көңүлү тоюп, күн бата Таан падышанын үйүнө кирип барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →