ушунчалык
- Мынчалык, бул сыяктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уйатты таштап талаага, / Ушунчалык бар сырды, / Бир өзүңө айтмакмын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тартууга сулуу кыз алсак, / Куу өрдөктүн иши көп, / Тиши алтын, ичи эт, / Ылайык көрдүм баатырга, / Жүрөгү менен башын жеш, / Султаным Манас акың, — деп, / Ушунчалык көп кошун, / Ээрчип жүрөт такыр, — деп, / Кулжанын этин татышып, / Эки санын артышып, / Хандар татып койсун, деп, / Тазбайматка айтышып, / Куу түлкүнү издешип,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ан деп, / Уккан элди саргартсаң, / Жаралуу аркар көздөнүп, / Жанаша сага мен бассам, / Куткарбастан ошондо, / Салтың артат, падышам, / Нускалуу сөз байкасаң, / Ушунчалык мен айтам, / Куу булуттай кумпай кыз, / Журт түгөткөн кан чачып, / Кубулжуган шумпай кыз, / Кырктан ашкан кары кыз, / (Тапан хандын көзүнө, / Мындай сулуу табы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ушунчалык көп элдин, / Төбөңдөн тийген чорого, / Бир куну жетер убалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Зыйфырым, капкалуу шаарымды, туулган жерим менен өскөн элимди таштап, атайын бир өзүң үчүн келсем неге унчукпайсың, ушунчалык жүрөгүң таш беле, жок дегенде, Керебет, сен сүйлөсөң боло!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →