ушунча

китептерде 49 жолу, 10 китепте
  1. Мынча, мынчалык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таарынчыңды көтөрөм, / Сен өлгөндө мен өлөм, / Ушунча тарттым азабың, / Ажырап калып Нурфану, / Тирүү кайдан күн көрөм! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Бирмыскал менен Бурулча - / Кытайда сулуу ушунча, / Кеңеш кылып хандарың, / Олуйа Кошой карынын, / Жалганчы кылбай айтканын, / Алып берип никелеп, / Алмамбет менен Чубакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Ушунча кыргыз чогуудан, / Чыкпайт бекен бир адам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Буту тыбырайт, кийин булакка бүт денесин малгын, "ушунча уктаган экен-мин" деп тура калат, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →