ушундайча
- Мына ушундай, мына ушул сыяктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чакчелекей будуң-чаң, / Болуп калат арасы, / Уссундардын жанынан, / Ушундайча кеп угуп, / Анык акыл экен деп, / Атты карап калышты, / Чапкан ат келе жатат, деп, / Аттан кабар алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жолдош кылып алайын, - / Ушундайча Алмамбет, / Таанытып жердин далайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
кара ажыдаар, / Алдына кирип алыптыр, / Аркасында неме жок, / Аттын чаңы калыптыр; / Төбөсүндө кара каз, / Үнү угулат баркылдап, / Канаттын куусу шарпылдап, / Ушундайча түр менен, / Коңур келет шалкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тил сүйлөбөс тел болгон, / Кулак укпас кер болгон, / Абакемди Көкмончок, / Буурул атка мингизип, / Күндүзү шумкар салдырып, / Илбээсинди алдырып, / Ушундайча турганы, / Үч ай токсон күн болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жарылып түбү калат — деп, / Азыраак байлап суу койуп, / Ушундайча адатты, / Каныкей, Бакай берчү эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →