ушундай

китептерде 250 жолу, 10 китепте
  1. Сындык же сандык маанини, кандайдыр бир абалды жалпылаштыра көрсөтүп белгилөө үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дудук эмес тили бар, / Кыйар дештин себеби, / Ушундай жерде айтылар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул көбүнчө Беккул экөөбүзгө ушундай болуп көрүнчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →