ушинтип

китептерде 110 жолу, 10 китепте
  1. Ошондой болуп, демек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бирден-бирден барганда, / Эрлик жолун талашып, / Биз калбайлы ушинтип, / Өлүм жагын карашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ушинтип Жакып аргалап, / Кечилдерден кат алып, / Коңшуларын кошо алып, / Көчүп Жакып жөнөдү, / Айдап малын чубатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атайлап киши чаптырдык, / Арналуу кептен айттырдык: / “Улук болсо Куткарбас, / Сөзгө келсин ушул чак, / Куткарбаска теңелип, / Кол салбайбыз биздин жак, / Ирегелеш эл туруп, / Кол салышсак ушинтип, / Бизден качат дөөлөт-бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мына ушинтип Кайыпчал, / Зайыптын алып кеңешин, / Көтөрбөс болуп жемесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →