ушинт
- Ушундай кылуу, ушундай жасоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ымыш нарды белендеп, / Күн чыгар маал келгин, — деп, / Андан башка баатырлар, / Бир үйгө баткың баарыңар, / Жалгыз жанды кыйнабай, / Өзүңөр орун салыңар, / Деп ушинтти эр Алмаң, / Кыргыл баштап кырк чоро, / Бир үйгө барып жатышты, / Тизеден баткан былкылдап, / Жууркандан алышты, / Асыл буйум анда бар, / Өз эркинче жазышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ырысы артык Алмамбет, / Анда турат көп кеңеш, / Кээ-кээсинде бул Манас, / Алмамбетке жол бербейт, / Ушинте берсе дагы эле, / Түбүндө иш оң келбейт / Эки кары ушундай, / Аңгемеге батканда, / Алаштын ишин оңдо, деп, / Алладан тилеп жатканда, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Айабай сунуп найзасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушинтишип бул экөө, / Алып койду эттерин, / Байкап туруп Гүлүстөн, / Баарын укту кептерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Ушинткенибизди билер дейсиңби?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушинтсең бир жооп айтар кан, – деп кыз вазирди кайра жолго салды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →