учураш
- Жолугушуп саламдашуу, көрүшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан утур алдынан, / Саламат чыгып калыптыр, / Кененимди көргөндө, / Салам айтып салпыйып, / Бошоң тартып шалпыйып, / Учурашып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алар анча келбесе, / Өзү дале бармакчы, / Улук Көкчө баатырга, / Учурашып алмакчы, / Анан жолго салмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жолго чыгар күнүңдө, / Учурашып жанарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө "канга учурашалы" деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →