учура

китептерде 140 жолу, 10 китепте
  1. Жолугуу, кезигүү, кездешүү.
  2. Кандайдыр бир абалга, окуяга, кыйынчылыкка ж.б. дуушар болуу, кез келүү, кабылуу.
  3. Көрүнүү, сыяктануу, сезилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Учурап калды жолунан, / Токойдон чыккан башкасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буйрукту сенден алгамын, / Токтобой жетип баргамын / Желбегей желек жамынып, / Турган экен Чачыкей, / Учурап ага калгамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Болжолсуз баатыр Эленкыр, / Учурады ошондо, / Олуйа Кошой уулуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →