учур1
- Убакыт, кырдаал, кез.
- Белгилүү бир мезгил, убакыт аралыгы, маал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп тапшырып Талана, / Жатып калды дардайып, / Үңкүрдөй мурду карарып, / Бута атым жерге учуруп, / Мурду менен дем алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бутумду көрчү абаке, / Тил албай койуп Чубагың, / Тарамышым зыркырап, / Кетип барат чыдамым, / Карылык кылып абаке, / Башын өөдө каратып, / Таштай тур бирден кулжаны, / Бакай барса кулжанын, / Мүйүзү тенде калыптыр, / Көзү менен тумшугун, / Ок учуруп салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карыйа Бакай карк этип, / Жез комуздай шаңк этип: / — Андай болсо Гүлүсүм, / Ой, Каныкей айашым, / Кереметтүү киши элең, / Келээр чакта иштерди, / Канча жылда келээрин, / Учур чакта билчү элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Биз жатып жаткан учурда киречилер менен калдырап, жөнөп кеткендей болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол учурда аялың толготуп төрөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →