учту
- диал. Балдар тегерете отуруп, ортосуна бирөөнү коюп, анан ар нерсенин атын атап бирде «учту» деп, бирде «учпады» деп, жаңылдырып, жаңылса ырдатып ойногон оюн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп бакырды, / Бакырыкты укпады, / Кыйкырыкты туйбады, / Уйулгуган шамалдай, / Учту Сыргак турбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ат койулду балдарга, / Асылбала, Бекбала, / Бара бара ат болду, / Асылбача-Бекбача, / Асылбача он беште, / Өнөгүн бербей бендеге, / Белдүү болду башынан, / Эр беттешпей деги эле, / Жыйырма беште окко учту, / Кудурет иши не күчтүү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүшту эми тиштеймин дегенде, Чыныбек асманга турумтай болуп учту.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →