учкул

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Тез уча турган, зыпылдаган, ылдам чуркаган, күлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түшүмдө көргөн кылычым, / Алмамбеттин кайраны, / Жандап жүргөн жолборсум, / Алмамбеттин айбаты, / Кыргыйдан учкул ак шумкар, / Алмамбеттин айласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайберен оттоп жайылбай, / Таштан башын чыгарбай, / Чабалакей, учкул куш, / Адамга сүйкүм ушул куш, / Баласына жем берип, / Курт-кумурска жутпады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…оңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара жер соруп жылмайтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →