учкаш
- Бир унаага катарлашып, биринин артынан бири минип алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Учкаша минип Тору атка, / Качып катын кеткени, / Манжу, моңгул чоңуна / Кабар айтып жеткени, / Айбан да болсо Майтору, / Билип турат көзү ачык, / Сүйлөйүн десе тили жок, / Арамдыктан сөз ачып, / Жакындап катын барганда, / Кошкуруп калды жер чапчып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп Мөңкөтай далбастап, / Учкаштырып албастан, / Оголе жаман шашканы, / Мадананы туу белге, / Кебин угуп таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кунудан куйуп тамызып, / Сур Койонду Семеңе, / Түшүп берди мингизип, / Алымсарык учкашып, / Алымсарык минген ат, / Гүлүстөн минип алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эки ийнин басып тайанып, / Арка жагын калкалап, / Ат сооруга жабышып, / Учкаша минип жанашып, / Учкашса да сулуу кыз / Семетейге жарашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тышка чыгып, мени аяктап, учкаштырып жатып дагы:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →