учар

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. диал. Элпек, шамдагай, жеңил, колунан ар иш келген.
  2. диал. өт. Желөпкө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөн адам жер толуп, / Аккан канга сай толуп, / Адырга жылкы-ат толуп, / Кузгун чукуп көз ойуп, / Киши этине жабылып, / Учарлыктан тынарлык, / Баары келип чогулуп, / Кажырлар учуп калдаңдап, / Канаттары далбаңдап, / Айры куйрук, кулаалы, / Учуп жүрөт салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Алмамбет көөнү бөлүнүп, / Айланып жашы төгүлүп: / — Канаты күмүш ак тунжур, / Калкылдап кайып учармын, / Кайыңды көрсөм конормун, / Кайышпай кайың көтөрсө, / Как ошол жерде болормун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канатым бар учармын, / Асман менен сызамын, / Антип кетип калганда, / Эрежесин кыргыздын, / Мен Айчүрөк бузармын, / Улуулар калса аркада, / Учсам Чүрөк алдыда, / Уйатына калармын, / Аркаңдан, балам, салпылдап, / Ээрчип учуп багайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетейден айрылдык, / Учарга чалгын бизде жок, / Канат сынып кайрылдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Карап жатса бир күнү, / Учарга жакын болгондо, / Бойун өлчөп болжорго, / Күүлөп канат ирмеди, / Томолонуп уйадан, / Жерге келип тийгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →