уча

китептерде 67 жолу, 8 китепте
  1. Жетим арка менен чычаңдын ортосуна жайгашкан, эки жамбашты бириктирип туруучу ому ртка (жылк ыда гана болот).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мылтыктан жалын чыккан жок, / Боздоп учат аткан ок, / Зыркырап үнү бир башка, / Ташка жанып каккан ок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мылтык алды, жаа алды, / Мылтык алып тарсылдап, / Жебе тартып зыркырап, / Салмоордун ташы чыркырап, / Асманга учуп топурак, / Милтенин баары кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Жандан тойуп кыргыздар, / Баарысында жан-ман жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Бир миң мылтык атылат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге кел… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ач болсо учпай калгандай, / Тойгузуп салса алгындай, / Обонсоргок дагы экен, / Конгон жери майланып, / Майпоз өзү дагы экен, / Ачып канат ирмеген, / Алдына чыгып уча албас, / Көк камчы сыны бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кандын балдары кеңешип: "Алдыбызда ааламды айланып уча турган ат, өлгөндү тирилте турган алмабыз турса, биз падышанын кызын тирилтип алып келбейбизби", дешет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →