уч3
- Асманга, абага көтөрүлүү (мис. канаттуулар, самолёт ж.б.) Карагай-Булак, Чоң Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков).
- өт. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү.
- Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт) Күндөр учту, балапандай шактадың, Класстардан класстарга аттадың (Токомбаев).
- Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү.
- Алга карай умтулуу, тез илгерилөө Күндөп гүлдөп, алгалап, Темптер менен учабыз (Токомбаев).
- Эргүү, толкундануу.
- өт. Өлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот ту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ылачындай тийгенде, / Баш тартпастан киргенде, / Капташып калса баатырга, / Кутулбасын билгенде, / Он бири качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койупту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канатым бар учармын, / Асман менен сызамын, / Антип кетип калганда, / Эрежесин кыргыздын, / Мен Айчүрөк бузармын, / Улуулар калса аркада, / Учсам Чүрөк алдыда, / Уйатына калармын, / Аркаңдан, балам, салпылдап, / Ээрчип учуп багайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →