уучу
- Мергенчилик кылуучу, ууга чыгуучу, аңчылык кылуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…андан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза кармап салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баланын ал туулган, / Бир уучунда кан болот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үч уруунун Калдуубет, / Уучуна кирсең кара нээт, / Ойнотуп сени койобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Таштар кулап калдырап, / Тообу десе дөбөдөй, / Дөбөбү деп караса, / Адамдан чыккан төрөдөй, / Ачып колун кармады, / Аты менен Сомбилек, / Эки тайган кошулуп, / Уучуна толо албады, / Өзүн көрдү Сомбилек, / Түздө туруп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Тапкан олжосун жанынан артык көрүп уучунан жулуп чыгып кетчүдөй калтыраган колу менен четке качырып барып, бурдугуп өлүп барат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →