уучта
- Уучуна толтуруп алуу, уучка толтура кармоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
— Алла деп атка мингенде, / Алыскы жолго киргенде, / Уктап уйку канбайсың, / Уучтаган колду жазбайсың, / Азык ичип көчпөйсүң, / Ат чалдырып өтпөйсүң, / Жол жүрүүгө кандайсың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Буудай кууруп казанга, / Уучтап эже бергин деп, / Колун сунуп калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Алдыгындан Беккулга бир уучтап берип койчу,— деди, төрдө бүкүңдөп насыбай ийлеп отуруп.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алдыбызда тигилердин нан жеп жатканын көрүп, эликтегендей бир убакта мен чаначымдын оозун чечип, буудайдан Беккулга бир уучтап берип, өзүм да өлчөгөндөй кылып, ошонун көптүгүндө уучтап алдым да, чаначты такымыма кысып койдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →